Айыл Банк: «Келечек» кепилдиги менен баштапкы төлөмсүз батир алууга мүмкүнчүлүк
Tazabek - Бишкек, 2025 — Айыл Банк кардарларына жаңы мүмкүнчүлүк сунуштайт: “Кепилдик Фонд” ААКнун «Келечек» кепилдиги менен баштапкы төлөмсүз батир алууга болот. Бул өзгөчө чечим кыргызстандыктарга көптөн күткөн өз үйүнө ээ болууга жардам берет.
Бул кантип иштейт?
«Келечек» кепилдиги турак жайдын баасынын 30%ына чейин жабат жана кардарларды баштапкы төлөм чогултуу зарылчылыгынан бошотот. Программа даяр батирлерге да, курулуп жаткан үйлөргө да туура келет. Кепилдик бир жолу гана таризделет, ал эми комиссия болгону 2%ды түзөт.
Кимдер ала алышат?
Программанын мүмкүнчүлүгүн Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар, өлкө ичинде эмгектенген же ишкерлик менен алектенген жана кеминде 1 жылдык тажрыйбасы бар жарандар пайдалана алышат.
Ипотекалык кредиттин шарттары:
- Мөөнөтү: 10 жылга чейин
- Пайыздык чен: жылына 16%дан баштап
- Башка банктан алынган ипотеканы кайра каржылоо мүмкүнчүлүгү — 16%дык чен менен
Программанын пайыздык чендери:
- 18% — өз каражаты 30%га чейин болгондо
- 16% — өз каражаты 30%дан жогору болгондо
- 18% — «Келечек» кепилдиги менен
- 16% — кайра каржылоо учурунда
Толук маалыматты ab.kg сайтынан же Айыл Банктын сизге жакын кеңсесинен ала аласыз.
📞 Телефон: 5511
🌐 www.ab.kg
Улуттук банктын лицензиясы № 048
За последними событиями следите через наш Твиттер @tazabek
Перепечатка материала невозможна без согласия редакции и подписания официального договора.




