Видео — Как сейчас работает Государственное предприятие «Кара-Балтинский спиртовый завод»

11:00, 3 марта 2023Обновлено в 11:05, 4 марта 202325 561

Tazabek - В конце 2022 года ГП «Кара-Балтинский спиртовый завод» впервые за долгие годы получило прибыль, превышающую 100 млн сомов.

Как рассказывают на предприятии, это стало возможным благодаря тому, что на высоком уровне было принято решение вновь ввести государственную монополию на производство этилового спирта в Кыргызстане.

Завод стратегического назначения после отмены государственной монополии в 2009 году постепенно пришел в упадок и вплоть до 2021 года показывал лишь убытки, а уже в 2022 году вышел на положительный финансовый результат.

«Введение монополии на производство этилового спирта позволило государству установить более эффективный контроль над производством алкогольной продукции. Монополия необходима на рынке для четкого понимания, сколько реально спирта произведено в республике и сколько алкогольной продукции выпущено из него. Монополия позволила усилить контроль от процесса производства спирта до реализации готовой продукции. В результате чего, в 2022 году в государственный бюджет была уплачена беспрецедентная сумма акцизного налога на алкогольную продукцию в размере 2 млрд 51 млн 800 тыс. сомов.

Нынешние показатели завода свидетельствуют об успешности принятого решения и правильности выбранного вектора развития», - считают на «Кара-Балтинском спиртовом заводе».

На сегодняшний день осуществлена частичная модернизация завода, увеличена производительная мощность, созданы новые рабочие места, планируется совершенствование инфраструктуры.

Справочно

Указом президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова от 8 июля 2022 года УП № 222 «О неотложных мерах по введению стопроцентной государственной монополии на производство, хранение и реализацию этилового спирта», с 1 сентября 2022 года государственному предприятию «Кара-Балтинский спиртовый завод» было возвращено утраченное право на монополию.


Видео — «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасы азыр кандай иштеп жатат?

2022-жылдын аягында «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасы көп жылдардан бери биринчи жолу 100 миллион сомдон ашык киреше тапты.

Ишкананын маалыматы боюнча, бул Кыргызстанда этил спиртин өндүрүүгө мамлекеттик монополияны кайра киргизүү боюнча жогорку деңгээлде чечим кабыл алынгандыктан мүмкүн болду.

Стратегиялык ишкананын абалы 2009-жылы мамлекеттик монополия жоюлгандан соң акырындык менен төмөндөп, 2021-жылга чейин киреше алып келбей калган. 2022-жылы гана ишкананын экономикалык көрсөткүчтөрү бир топ жогорулады.

«Этил спиртин өндүрүүгө монополияны киргизүү мамлекетте алкоголдук продукцияны өндүрүүгө кыйла натыйжалуу көзөмөл орнотууга мүмкүндүк берди. Республикада чындыгында канча спирт өндүрүлгөнүн жана андан канча алкоголдук продукция өндүрүлүп жатканын так түшүнүү үчүн рынокто монополия болуусу зарыл. Монополия спиртти өндүрүү процессинен баштап даяр продукцияны сатууга чейинки көзөмөлдү күчөтүүгө шарт туздү. Натыйжада 2022-жылы мамлекеттик бюджетке 2 миллиард 51 миллион 800 миң сом өлчөмүндө алкоголдук продукцияга акциздик салык болуп көрбөгөндөй төлөндү.

Спирт заводунун учурдагы көрсөткүчтөрү кабыл алынган чечимдин ийгилигин жана тандалып алынган өнүгүү векторунун тууралыгын тастыктап турат», - деп эсептейт «Кара-Балта спирт заводу».

Бүгүнкү күндө заводдо жарым-жартылай модернизациялоо иштери жүргүзүлдү. Муну менен катар өндүрүштүк кубаттулугу жогорулатылып, жаңы жумушчу орундары түзүлүп, эми инфраструктураны жакшыртуу пландаштырылууда.

Маалымат үчүн

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 8-июлундагы №222 «Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга 100% мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгынын негизинде «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына 2022-жылдын 1-сентябрынан баштап монополияга жоголгон укугу кайтарылган.

За последними событиями следите в Телеграм-канале @tazabek_official

Мобильное приложение Tazabek: