Ритейлерге жардам: Канткенде кирешени көбөйтүп, кассалык системанын жардамы менен миллиондорду үнөмдөө керек

Tazabek - Бул суроонун жообун кассалары Set Retail системасы менен иштеген соода түйүндөрү билет. Продукт иштелип чыккандан бери – бул 200 ритейлерден көп, системада Россия, Белоруссия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Германия жана Австриядагы россиялык дүкөндөрдүн кассирлери иштеп жатат.

2020-жылдан бери «Set Retail» Кыргызстандын ритейлерине жеткиликтүү болду. Ал толугу менен биздин мыйзамдарга ылайыкташтырылды жана анда Бишкектеги соода түйүндөрү иштеп баштады. Негизги артыкчылыгы – продукт ритейл рыногунун лидерлеринин тажрыйбасын жана экспертизасын бириктирип турат. Дээрлик ойлонбогон көпчүлүк процесстер системада ишке ашкан жана экономикалык эффект берет.

«CSI» компаниясы менен бирге биз «Set Retail» системасынын мүмкүнчүлүктөрүнө сереп салдык.

«Кутудан» даяр функция

Системанын кең базалык функциялары ритейлерге дароо толук кандуу иш алып барууга мүмкүнчүлүк берет.

«Set Retail'дин» базалык функцияларына эмнелер кирет:

  • Кассалык модуль — сатуучулар менен эсептешкен кассирдин иштөөсү үчүн заманбап ыңгайлуу мейкиндик. Кассирдин бардык кыймылы майда-чүйдөсүнө чейин ойлонулган, система каталарды эскертип, кассирди процесстин алкагында коштоп турат. Кассирлерди окутуу мөөнөтү азаят (бир саат жетиштүү), ал эми сатуучулардын тейлөө ылдамдыгы көбөйөт, айрыкча өзү жазган системадан өтүп жатканда.
  • Операциондук күндү көзөмөлдөө. Соода залындагы кассирлердин, администратордун, дүкөн жетекчисинин орун басарынын иш орду — Бул операциондук күндүн модулу. Бул жакта бардык каржы операцияларынын документтери сакталат жана айырмачылык жок экени текшерилет, сатуу тууралуу маалыматтар башка тышкы системаларга өз убагында көрсөтүлүп турат.
  • Лоялдуулук модулу акция, купон жана ритейлердин кошумча сый акы программаларынын бир жерден башкарууга, бардык сатуу каналдарында бирдиктүү шарттарды колдонууга жардам берет. Киргизилген куралдар заманбап маркетинг бөлүмүнө муктаждыкты толуктайт – алдыңкы ритейлердин 24 түрдүү механикаларын чексиздикке чейин айкалыштырса болот. Лоялдуулук модулунун интерфейси конструктор сыяктуу түзүлгөн жана ИТ-адистеринин катышуусун талап кылбайт, акцияны маркетолог 10 мүнөттө ырастай алат. Ырасталгандан кийин ал автоматтык түрдө кассаларда пайда болот. Арзандатууларды offline-эсептөө жеткиликтүү, тактап айтканда байланыш каналы жок болгон учурда дагы сатып алуучу соодасыз кетпейт.
  • Таразаларды башкаруу. Салмак модулу бардык популярдуу моделдердин таразаларына бааларды көчүрөт. Акциялык бааларды жөнгө салып турат, баалар кассадагы баалар менен дал келип турушу үчүн таразалардын эс-тутумун автоматтык түрдө баалары аяктаган товарлардан тазалайт.
  • Чечимдердин архитектурасы. «Set Retail» менен кассалардын ортосундагы алмашууларды көзөмөлдөөнүн кереги жок. Аны менен бирге касса кайсы бир убакытка чейин өз алдынча иштей алат, лоялдуулук картасы боюнча бонустар эсептелип турат.

Байланыш кайра жанданганда, касса сервер менен өз алдынча синхрондошот. Ыңгайлуу башкаруу консолу касса менен кошумча программаларды орнотпой эле башкарууга мүмкүнчүлүк берет.

Ишке киргенден кийин ритейлер дароо ыңгайлуу башкаруу үчүн бардык керектүү нерселерди – сатып алуучуларды тейлөөнү ылдамдатуу, сатып алуучулардын лоялдуулугун жогорулатуу жана кармап калуу үчүн маркетингдик иш-чараларды өткөрө алат.

Кыргызстанда иштөөгө даяр

«Set Retail'дин» алгачкы долбоорлорунун алкагында «Грин Телеком Сервис» ЖЧКсы («О!Деньги» электрондук капчыгы), төлөмдөрдү туура каблы алуу үчүн алдыңкы банктар, анын ичинде «DemirBank» терминалдары менен интеграция болду. «CSI'дын» түзүүчүлөрү ритейлерге «Set Retail'де» накталай акча менен сатып алууда сатып алуудан алына турган салыкты эсептөөгө мүмкүндүк берүү үчүн системаны дагы иштеп чыгышты.

Системанын ИТ артыкчылыктары

ИТ-директорлор көңүл бура турган өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе:

  • «Set Retail» дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн бардык кассалык жабдыктарында иштейт. Аны колдонулуп жаткан ИТ-ландшафтка киргизүү ыңгайлуу – ал башка тышкы маалымат системалары менен оңой интеграцияланат. Интеграциялоонун даяр модулу, процессингдерди улаштыруунун плагиндери, ачык API бар
  • Жогорку ылдамдыкта иштөөнүн, түшүнүктүү интерфейстин жана кардардын талабына ылайык жөнгө салуунун натыйжасында «Set Retail 10» сатып алуучуларды тейлөөнү ылдамдатат – айрыкча өзү жазган системадан өтүүдө.
  • Жабдыктар, процесс, лоялдуулук системасы жана соода түйүндөрүн жаңылоону борбордук башкаруу. 9000 кассалык түйүн 1-2 күндө бир эле инженердин жардамы менен жаңыланат.
  • Эки типтеги архитектуранын натыйжасында дүкөндөрдөгү серверлерди колдоонун зарылчыгы жок. 9000 кассаны 1 сервер башкарат – системанын учурдагы ойлоп табуусу.
  • Ичинде акысыз гана компоненттер (Linux, PostgreSQL). Ар ай сайын системанын жаңы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат чыгып турат жана бардык жаңылоолор, анын ичинде мыйзамдар өзгөргөн учурдагы жаңылоолор кардар үчүн акысыз.
  • «Set ESB» транспорттук дөңгөлөктөрдүн маалыматтары тез жана күтүүсүз кассаларга маалыматтарды көчүрүүгө жана бардык масштабдагы түйүндөрдө сатуулар жөнүндөгү маалыматтарды чыгарууга жардам берет. Кластердеги горизонталдык масштабдоо технологиялары боюнча түзүлгөн жана IT-инфраструктурада соода түйүндөрү көбөйгөндө тар звеного айланбайт.
  • Тышкы системалар менен интеграциялоонун даярдыгы; 1С: Соода-сатыкты башкаруу, АСТОР: Соода түйүндөрү; 1С: Комплектүү автоматташтыруу, 1С-Рарус: Соода түйүнү, SAP жана башкалар менен.

«Set Retail» бизнес үчүн – ишкерликти өнүктүрүүнүн даяр куралдары жана ритейлердин чыгымдарын азайтуу

Ар бир долбоор кызмат көрсөтүүнү ылдамдатууну жана ритейлер үчүн үнөмдөөгө алып келет. Болгону кайсы жерде күчтөнүүнү же кайсы «фишканы» пайдаланууну тандоо керек. Түзүүчүлөр «Set Retail'ге» чыгашаларды азайтууга, бизнести өнүктүрүүгө жана сатып алуучуларды тартууга жеңил куралдарды, жөнгө салуу жолдорун жана сервистерди киргизишет.

Анын мисалдары «CSI'дын» сайтында көп. Бул масштабы жана тематикасы боюнча түрдүү түйүндөр, жергиликтүү жана федералдык, гипермаркеттер жана 1-2 кассасы бар дүкөндөр. 2021-жылдын башында россиялык «Глобус» соода түйүндөрүнүн «Set Retail'ге» өтүшү, «GlobalCIO» ИТ-коомчулугунун тандоосу боюнча эң мыкты ИТ-долбоор болду. Бул чет өлкөлүк кастомизацияланган системаны алмаштырууда абдан кызыктуу жана татаал долбоор болчу.

Ылдам кассадан да чоң

  • Биринчиден, чыгашаларды оптимизациялоонун куралдары жогоруда биз санаган ар бир «модулдун» ичинде бар.
  • Андан тышкары система ритейлердин белгилүү бир тапшырмасын аткарган көптөгөн продукт жана серверлерге улашууга жол ачат жана каражаттарды үнөмдөйт. «Set Kit» сатып алуучулардын буйрутмалары менен иштөөгө, «Set Omni» омниканалдуу лоялдуулукка жооп берет. «Set Robot» ички системалардагы маалыматтарды көзөмөлдөйт, «Set Galya» чот-боту кассирге артыкчылыктуу операцияларды жүргүзүүгө жардам берет. «Set Mark» сервистин келечекте кереги тийиши мүмкүн. Ал маркерленген товарларды түйүндөр боюнча эреже бузуусуз жана айып пулсуз айлануусун көзөмөлдөйт. «Set Prisma» видеоанализдөө сервиси уурулукту жана кассирлердин мүчүлүштүктөрүн таап, кассалардагы жоготууларды азайтат.

Потенциалдуу үнөмдөө эмнеден түзүлөт?

  • Ритейлер «Set Retail» системасын ишке киргизгенде, ал мурдагы системанын ыңгайсыздыгынан арылат, актуалдуу тапшырмаларды аткарат, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана куралдарды кошот жана үнөмдө ар кандай аспекттерден курала баштайт. Системага ээлик кылуунун баасы азаят, персоналдын ресурстары жана керектелүүчү материалдар үнөмдөлөт, кассалардын тейлөөсү тездейт жана башкалар. Соода түйүндөрүнүн тажрыйбасына таянсак, үнөмдөөнүн негизги статьяларын белгилөөгө болот:
  • ИТга каражаттарды азайтабыз. Борборлоштурууну колдоо үчүн ресурстардын 30-80% үнөмдөйт, ал эми системаны акысыз жаңылоо жана лицензиялардан (оперативдик системанын жана кассалык компьютерлердин антивирустары үчүн) үнөмдөө – бул жылына миллиондогон рубль.
  • Махинацияларды жана кассадагы каталарды аныктап, каржылык жоготууларды жокко чыгарабыз. Ички системалардагы каталарды оңдоп, чыгашаларды азайтабыз.
  • «Электрондук Галяны» жумушка алабыз («Set Galya» - кассалардагы артыкчылыктуу операцияларды аралыктан жүргүзүү үчүн керек). Муну менен кызматкерлердин ондогон сааттарын үнөмдөйбүз.
  • Сатып алуучуларды тейлөөнү 30-40% тездетебиз. Демек, көп сатып алуучуларды тейлейбиз жана акча айланууну көбөйтөбүз (кошумча күч жумшоосуз жана мурдагы жабдык менен).
  • Жаңы киреше булактарын кошобуз. Бул оңой, себеби системанын ачыктыгын жана «Set Retail'дин» ички жана тышкы сервистерди кошуу мүмкүнчүлүгүн: комиссиялык соода, юридикалык жактар менен соода, төлөөнүн ар кандай ыкмалары («QR-код», криптовалюта жана жеке жактын жардам менен), өнөктөштөрдүн бонустар менен төлөө мүмкүнчүлүктөрү бар. Плагиндик система интеграциялоо процессин аябай жөнөкөйлөштүрөт.
  • Сатып алуучулардын буйрутмалары жана онлайн жана офлайн каналдардын лоялдуулук программасы үчүн бирдиктүү шарттарды түзүп берген «Set Omni» менен иштөө үчүн «Set Kit» сервистери менен онлайн-сооданы өнүктүрөбүз.
  • Келечекте электрондук чектерге өтүүгө болот. Бул экологияга кам көрүүдөн тышкары кассалык жабдыктардагы басымды жана анын иштеп туруусуна кеткен чыгашаларды азайтат.
  • Кассада экинчи экранды күйгүзүп, сатып алуучулар менен комуникация түзүүнүн кошумча каналын ишке киргизсе болот – жарнама көрсөтүп, аны жайгаштыруудан киреше алуу. Чектерде жана арзандатуу купондорунда дагы өнөктөштөрдүн жарнамаларын жайгаштырса болот.

Тааныштырууда бардык мүмкүнчүлүктөрдү жана жөнгө салуу жолдорун санап берүүгө мүмкүн эмес. Ар бир пункт боюнча конкреттүү мисалдар жана ритейлердин тажрыйбасынан алынган үнөмдөөнүн эсептери бар.

Келиңиз, «Set Retail» менен сиздин дүкөнүңүз канча каражат үнөмдөй ала турганын эсептеп көрөбүз.

Сурооңузду «CSI'дын» сайтындагы система боюнча жөнөтүңүз.

www.crystals.ru

За последними событиями следите через наш Твиттер @tazabek

Авторизация / Регистрация

выш выбор: год (8950 сом)

Мобильное приложение Tazabek: