Дүкөндөгү уурулук жана кассирлердин катасынан улам келтирилген чыгымды азайтуу

Tazabek - Соода түйүндөрүндөгү жетекчиликтен же коопсуздук кызматынын жетекчилигинен: «Сиздин кирешеңиздин канча бөлүгү кассирлердин иш аракетинен улам жоголуп жатканын билесизби?» деген суроого дээрлик баары: «Бизде дисциплина бузулбайт», «Бизде уурдашпайт», «Бизде кардарларга ашыкча беришпейт» деген жоопту узатышат. Тилекке каршы, кассадагы эреже бузуу жана махинацияны аныктоолордун дээрлик 100 пайызы иш жүзүндөгү көрсөткүч мындай эместигин айгинелейт. Буга ынануу үчүн касса операцияларын көзөмөлдөө системасы (СККО) көмөкчү болот.

Бул макалада ритейлердин кайсы сценарийи менен кассадан «агып жаткан» акча жана аны стандарттуу видеокөзөмөл аркылуу аныктоонун татаалдыгы тууралуу айтабыз. СККО эреже бузуучуларды аныктап, дүкөндөгү финансылык жоготууларды кыскартууга көмөктөшөт. Россиядагы бул рыноктогу лидерлердин бири болгон Set Prisma системасы менен мисалдарды так көрсөтөбүз.


Жөн гана видеокөзөмөл — жетишсиз


Мисалы, Россиядагы 90% соода түйүндөрү видеокөзөмөл менен камсыздалып, бирок анча көп эмес компанияда гана видеоматериалдарды үзүлтүксүз жана толук анализдөөгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Видеоматериал кандайдыр бир чырды карап чыгууга жардамын тийгизет. Бирок махинация жана кассадагы каталар болуп жатканы талашсыз. Андай учурлар кокустан байкалып же көп убакыт коротуу менен билиниши мүмкүн.

Кассадагы шектүү учурларды автоматтык түрдө аныктай турган адистештирилген куралдар керек. Касса операцияларын көзөмөлдөө системасынын (СККО) маңызы да ушунда.

Бул система камерадагы видеосүрөттөрдү, касса түйүндөрүндөгү маалыматтарды синхрондоштуруп, маалыматтарды анализдеп – бардык шектүү учурларда коопсуздук көзөмөлүнүн кызматкеринин же дүкөндүн жетекчилигинин көңүлүн бурдурат.

Системада белгилүү бир убакыттагы бардык шектүү кыймылдардын даяр тизмесин караган оператор иштейт. Системанын эффективдүүлүгү жана интерфейс боюнча 2003-жылдан бери адистер эмгектенгендиктен касса операцияларын көзөмөлдөө системасында (СККО) бир гана аналитик оңой эле көзөмөл жүргүзө алат. Мисалы, 3-4 кассасы бар 25 дүкөндө.

Касса операцияларын көзөмөлдөө системасы (СККО) соода түйүнүндө орнотулган видеокөзөмөл системасынын мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтип, коопсуздук кызматына жаңы баалуу маалыматтарды берет. Анын үстүнө чечим өзүн бир айда (кээде жума ичинде эле) эле актап баштайт.


Системаны байкап көрүп — эреже бузуучулардан арылып, дүкөндүн чыгашасын кыскартабыз


Касса операцияларын көзөмөлдөө системасын колдонуудагы жыйынтыктар дайыма таасир калтырат. Жакында эле бир нече дүкөндө бул системаны байкап көрүп, жыйынтыгында эреже бузуулар үчүн 7 адам жумуштан алынып, 5 кылмыш иши козголду. Кассадан кардар жада калса шек санабаган алдамчылык ачыкка чыккан. А мындай дүкөндөр өлкөдө жүздөп саналат.

Эреже бузууларды жана күнөөлүүлөрдү аныктаган соода түйүн алардын кайталанышын оңой эле алдын алып, чыгымдарын азайта алат. Ритейлер сумма тууралуу айтууну анча каалашпайт. Бирок, бир мисал: «Set Prisma» жардамы менен соода түйүнү 10-15 кассалуу 8 дүкөндөн жылына 3,5–4 миллион рубль зыян келтирилген эреже бузууну аныктап, жокко чыгарды.


Кассадагы биз байкабаган эреже бузуулар


Россиядагы дүкөндөрдүн жалпы чыгашасынын болжол менен 30 пайызы уурулуктан, эреже бузуулардан жана кызматкерлердин кассадагы каталарына байланыштуу экени тууралуу маалымат бар.

Ошондой эле кыйыр түрдөгү чыгымдарды карасак: Кассада кемчиликтер жок, бирок кассирдин аракетинен улам ритейлердин кадыр-баркына доо кетсе, дүкөн кардардан айрылат. Мисалы, жумуш ордуна ылайыксыз сырткы көрүнүш жана жүрүм-туруму, сатып алуучу үйүнө жеткенде байкаган алдамчылык, айып пулга жеткирген регламенттин бузулушу. «Set Prisma» системасына касса тармагындагы 90дон ашуун эреже бузуулар маалым жана алардын баары россиялык чоң делген ритейлердин көп жылдык тажрыйбасынан.

1. Кассадан уурдашат жана алдашат

Ритейлерге келтирилген эң чоң чыгым адатта кассирдин акчага же алардын эквивалентине ээлик кылуу максатында атайын жасаган иши.

Мисалы:

  • Сатып алуучу акчаны төлөгөндөн кийин чегин албай кетет. Кассир эмне кылат? Ал чекти жокко чыгарып же чектин ичиндеги позицияны өчүрөт. Ал эми каражатты өзү ээлеп алат. Бул схема биздин 90% кардарда табылат. Айрыкча кассирлер администратор же жетекчиликсиз иштеген эс алуу күндөрүндө.
  • Кассир эсеп учурунда өзүнүн чоң арзандатуу берилген картасын пайдаланып, кардардан түшкөн бонусту колдонуп, кийин аны өзүнө ыйгарып алат.
  • Кассир товарды кайтарылган товар жана кардардын кайрылуусуз эле жасалма түрдө (ойдон чыгарылган түрдө) кайтарат. Ал эми алынган сумманы өзүнө ыйгарат.

Системадагы көрүнүш. Отчётто кассир сатып алуучу 584, 11 рубль төлөгөн чекти жокко чыгарып жаткан шектүү учур көрсөтүлгөн. Видеофрагмент каралгандан кийин белгилүү болгондой, сатып алуучу товарды алып кеткен, бирок эсептелген эмес. Экономикалык эреже бузуу аныкталган.

Мындай эреже бузуулардын көпчүлүгү кассирдин «өзүнүн» сатып алуучулары менен же башка кассирлер менен биргеликте жасалат.

Эмне үчүн муну аныктоо маанилүү? Ууруну «колунан кармаган» ритейлер ошол замат чыгашанын булагын таап, башка кызматкерлерге эреже бузуулардын жана анын кесепеттерин жеткирет. Бул жамаатка оң таасирин тийгизет. Касса операцияларын көзөмөлдөө системасын пайдаланып баштаган алгачкы 2-3 ай ичинде эле соода түйүндү жакшыртып, уурулукту токтотуп, операциядагы каталарды кыскартуу менен дисциплинаны сактоо мүмкүн.

2. Кассадагы жаңылыштык

Эреже бузуулардын экинчи категориясы — ойлонулган эмес, бирок бардык жерде бар. Айрым ритейлерде бул категорияда келтирилген каталар менен чыгымдын суммасы атайын жасалган категориядан да ашып кетет.

  • Сатып алуучу товарды өзү таразага тартып жаткан учурда салмакты атайын азайтат. Аны байкабаган кассир товарга чек берет. Аягында дүкөн чыгымга учурайт.
  • Кассир товардын кодун кол менен жазганда ката кетирет. Ал эми сатып алуучу башка товарды алып кетет.
  • Таңгактагы топ товарларды сатканда адатта 1 даанасы гана кассадан каралат. Бул атайын келишим болушу да мүмкүн же ката. Мындай абал өзгөчө кассир чарчаган, ал эми дүкөндө кезек күткөндөр көбөйгөн кечки убакта болот.

Мисал. Set Prisma аныктаган: кассир чекке 1 даана «Пудинг Эрмигурт 3,2 % 100 гр» экенин көрсөткөн. Видеожазууну текшергенде сатып алуучуга 4 даана берилгени аныкталды.

  • Товар сканирлөө учурунда же башка учурларда кокустан өткөрүлөт

Эмне үчүн муну аныктоо маанилүү? Түшүнүктүү себептер менен маани бербегендиктен улам келтирилген чыгымды токтотуу маселесин толугу менен жоготуу мүмкүн эмес. Бирок кассирдин катасына көңүл буруп, кошумча окутууларды жүргүзүү менен каталардын кайталанышын алдын алууга болот.

«Set Prisma» отчётунда ким кайсы учурда кандай ката кетиргени көрсөтүлөт.

3. Кассадагы тартип бузуу (дисциплина)

Set Prisma жүргүзгөн аналитикалык отчёттордо кассир телефон менен сүйлөшүп, иш ордунда узакка чейин жок болгон, жумуш ордунда тамактанган же кассада сырткы кийими менен отурган учурлар көп кездешет. Мунун баары дүкөндүн имиджин жоготууга жеткирет.

Бирок регламенттеги кайдыгерликтен улам чыккан финансылык жоготуулар да ритейлер үчүн маанилүү болушу мүмкүн. Айрым формалдык эреже бузуулар үчүн ритейлерге айып салынат эмеспи.

Мисал. Видеодо кассир товарды кассанын жанына – полго койгону көрүнүп турат. Муну менен санитардык эрежелерди бузган.

Касса операцияларын көзөмөлдөө системасы акча салынган кутунун ачылганы сыяктуу тартип бузууларды да аныктайт. Соода болбогон учурда кутунун ачылганы кассир ашыкча акча алып же кандайдыр бир максатты көздөгөнүнөн кабар берет.

Эмне үчүн бул эреже бузууларды ачыктоо маанилүү? Тартип эрежелеринин бузулушун кызматкерлердин шалаакылыгы финансылык жоготууларга жеткиргенге чейин аныктап, жоюу зарыл.


Кантип орнотуп, текшерүүдөн өткөрүү керек? Жеңил эле


Set Prisma — Санкт-Петербургдагы «CSI» компаниясы иштеп чыккан. Россиянын бардык аймагында жана КМШ өлкөлөрүндөгү ритейлерге программалык камсыздоону сунуштайт. Эксперттер өзүнүн блогунда Set Prisma тууралуу кенен макалаларды даярдап, бардык ритейлер үчүн маанилүү болгон суроолорго жооп беришет.

  • Касса операцияларын көзөмөлдөө системасын орнотуудагы экономикалык максатка ылайыктуулугун эсептөө;
  • маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн кандай жабдыктар жана канча кызматкер керек;
  • системада кантип иштөө керек: канча даяр шаблон бар жана өзүнүн жеке эрежелерин кантип орнотуу керек;
  • интерфейс мүмкүнчүлүктөрү — жаңы аралашкандар жана профессионалдар үчүн.

Сиздин дүкөндөгү кассада эреже бузуулар боюнча абал кандай экенин билүүнү каалайсызбы?


Сиз Set Prisma аналитиктери менен кеңешчилерине кайрылсаңыз болот. Бир айда пилоттук долбоор менен дүкөнүңүздөгү кырдаал бонча толук маалымат аласыз.

CSI суроолоруңузга жооп берүүгө даяр!

e-commerce@crystals.ru, тел: + 7 (812) 677-09-46, www.crystals.ru

Маалымат үчүн

Set Prisma Россия, Беларусь, Казакстан жана КМШ өлкөлөрүндө пайдаланылат. Системанын жардамы менен чоң соода түйүндөрү, алкомаркеттер, 1-2 кассалуу «үйдөгү» дүкөндөр, наабайканалар жана башка соода түйүндөрү кассалардагы эреже бузууларды аныктайт. Set Prisma уникалдуулугу – CSI ритейлдеги аналитик кардарлар менен бирге 15 жыл продуктка арнап жүргүзгөн экспертизада.

За последними событиями следите через наш Твиттер @tazabek

Доступ к Tazabek (расследования, обзоры, рейтинги, интервью, инфографика и Аналитика) + архив

год8950 сомподписаться?
Данные тарифы действуют только для частных лиц.
Если вам необходим корпоративный доступ к материалам (для организаций, госорганов, ведомств и т.д), пожалуйста, свяжитесь с нами по почте info@akipress.org
Мобильное приложение Tazabek: